18/06/2024
Өмүр көз ачып жумганчалык эле аралыктай сезилет. Анткени өткөн, артта калган жылдар бир мүнөтчөлүк көрүнбөйт. Адам канча жашка чыкпасын, анын жан дүйнөсү, жүрөгү жаш бойдон кала берет тура. Өзү картайса да, ичинде кичинекей, жаш өзү жашай берет.
30 жаш... Кыйма-чийме, айрым учурда тегиз, кээде таштак, өйдө - ылдый, кайгылуу, кубанычтуу жолдордон өттү. Өмүрдүн кандай өткөндүгү, дал ошол жолдогу сапарлаштарга да көз каранды экен. Кудайым мага жакшы адамдарды жолуктурду. Баарына шүгүр..
Аллах берген өмүрүмдү берекелүү, пайдалуу жашашты буйрусун.